Манаста 6,8 млрд сомдук филармониянын курулушу токтотулуп, айрым обьектилер Курулуш министрлигине өттү

Манас шаарында 6 млрд 800 млн сомго курулуп жаткан облустук филармониянын курулушу убактылуу токтотулат. Филармониянын долбоору кайрадан каралып чыгып, анын көлөмүн оптималдаштыруу маселеси чечилет. Бул тууралуу курулуш министри Нурдан Орунтаев шаардагы курулуш компанияларынын жетекчилери менен жолугушу учурунда билдирди.
Ошондой эле Манас шаарынын мэриясынын карамагында курулуп жаткан бир катар ири объектилер Курулуш министрлигинин түз карамагына өткөрүлөт. Алардын тизмесине Ю.Абдрахманов көчөсүндөгү 5200 орундуу спорт сарайы, Глинка көчөсүндөгү 7 кабаттуу облустук оорукананын жаңы корпусу, Р.Азимов көчөсүндөгү “Акылман” лицейинин филиалы, шаардык музей, насостук станция жана ирригациялык тармактардын курулушу кирди.
Министрлик мындан тышкары Сузак районунун Багыш айылындагы эс алуу багынын жана Чаткал районундагы оорукананын курулуш иштерин көзөмөлгө алат. Мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлүп жаткан текшерүүлөр жыйынтыкталгандан кийин аталган объектилер боюнча тийиштүү чечимдер кабыл алынат. Манас шаарындагы башка курулуш иштери белгиленген тартипте улантылат.