Кыргызстандагы россиялык инвесторлор саясий тобокелдиктерден камсыздандырылат
Россиянын экспорттук борбору (РЭБ) Central Asia Capital инвестициялык фонду менен биргеликте Кыргызстандын рыногунда иштеген россиялык компаниялар үчүн атайын камсыздандыруу программасын ишке киргизүүдө. «Ведомости» басылмасы кабарлагандай, долбоор саясий жана жөнгө салуучу кырдаалга байланыштуу тобокелдиктерди минималдаштырууга багытталган.
Камсыздандырууну Россиянын экспорттук кредиттерди жана инвестицияларды камсыздандыруу боюнча агенттиги (ЭКСАР) камсыз кылат. Программа салымдардын дээрлик бардык негизги түрлөрүн камтыйт:
- компаниялардын капиталындагы үлүштөрдү сатып алуу;
- инвестициялык насыяларды берүү;
- уставдык капиталга каражаттарды салуу;
- Central Asia Hub индустриалдык паркынын (РФдан келген бизнес үчүн салыктык жеңилдиктери бар атайын зона) базасындагы долбоорлор.
Камсыздандыруу полиси инвестициянын суммасынын 90%ына чейин, ошондой эле андан түшкөн кирешени коргоого мүмкүндүк берет. Программа инвесторлорду кабыл алуучу өлкөнүн бийлигинин чечимдеринин натыйжасында келип чыгуучу өзгөчө тобокелдиктерден коргоо үчүн иштелип чыккан. Аларга төмөнкүлөр кирет:
- активдерди мажбурлап конфискациялоо же экспроприациялоо;
- каражаттарды чет өлкөгө которууга чектөөлөрдү киргизүү;
- улуттук валютанын конвертацияланбашы;
- соода санкцияларын жана бизнеске терс таасирин тийгизүүчү башка чараларды киргизүү.
Central Asia Capital фондунун негиздөөчүсү Антон Собин программанын ишке кириши Кыргызстанга россиялык капиталдын жана компаниялардын жигердүү агымы менен байланыштуу экенин түшүндүрдү. Анын айтымында, инвесторлор мындай коргоо инструменттерин байма-бай сурай башташкан.
Эксперт ошондой эле жаңы оюнчулар туш болгон негизги кыйынчылыктарды белгиледи: жергиликтүү өзгөчөлүктөр тууралуу билимдин жетишсиздиги, активдерге ээлик кылуунун корпоративдик түзүмүндөгү мүчүлүштүктөр жана инвестициялык долбоорлордон чыгуунун алдын ала даярдалган планынын жоктугу. Жаңы камсыздандыруу программасы аймактагы ишкерлер үчүн туруктуулуктун кошумча кепилдиги болууга тийиш.