Жибек Жолу проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылат

23.03.2026 | 10:40

24-мартта Бишкек шаарындагы Жибек Жолу проспектисинин Кулиев көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат. Бул тууралуу шаар мэриясы маалымдады.

Маалыматка ылайык, аталган аймакта диаметри 600 мм болгон канализациялык коллекторду куруу жана монтаждоо иштери жүргүзүлөт. Иш-чаралар «Жибек Жолу проспектиси боюнча Турусбеков көчөсүнөн Кулиев көчөсүнө чейинки канализациялык коллекторду капиталдык оңдоо» долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.

«Бишкексууканал» ишканасы шаар тургундарын жана конокторун каттамдарын алдын ала пландоого чакырат.

Scroll to Top