Ормуз кысыгынын тосулушу Европага масштабдуу энергетикалык сокку менен коркунуч туудурууда26-мартта Бишкектин бир бөлүгүндө ичүүчү суу берүү токтотулатТажикстанда Нооруз фестивалынын алкагында ШКУ өлкөлөрүнүн жаштар форуму башталдыКыргызстан малдын кооптуу инфекцияларынан коргонуу үчүн ветеринардык көзөмөлдү күчөтүүдөЖурналист Махабат Тажибек кызы эч жакка кетпөө жөнүндө тил каттын негизинде бошотулдуОш шаарындагы Ак-Буура дарыясынын 17 чакырымы таштандыдан тазаланууда
Ош шаарындагы Хохлова көрүстөнүнүн ордуна көчөттөр отургузулуп, жашыл аймакка айланат
23.03.2026 | 12:26

Ош шаарындагы Э. Алиев көчөсүндө жайгашкан Хохлова көрүстөнүндө рекультивациялоо жумуштары жүргүзүлдү. Эми анын ордун жашыл аймакка айландыруу пландалууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Мэриянын маалыматында, учурда жер кыртышын тегиздөө жана көчөт отургузула турган орундарды даярдоо иштери жүрүүдө. Ал үчүн коммуналдык чарба тармагынын 20га жакын атайын техникасы жана 200 кызматкери тартылган.
Планга ылайык, 24-мартта шаар мэринин катышуусунда аталган аймакка көчөт отургузуу иш-чарасы өткөрүлөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом