АФК 2031- жана 2035-жылкы Азия Кубокторун өткөрүүгө билдирмелерди кабыл алууну токтоттуБарскоон – Каракол унаа жолуна 8 жер алдындагы өтмөк курулатКытай 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын эң ири соода өнөктөшү болдуБишкекте Маалыматтык коопсуздук борборунун имараты ачылдыЖККУнун «Кант» авиабазасынын аскер кызматкерлери муктаж үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам бериштиОрмуз кысыгынын тосулушу Европага масштабдуу энергетикалык сокку менен коркунуч туудурууда
Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын 17 чакырымы таштандыдан тазаланууда
23.03.2026 | 13:35

Ош шаарында Ак-Буура дарыясынын нугун тазалоо жана кеңейтүү иштери жүрүүдө. Ага ылайык, дарыянын 17 чакырым аралыгы таштандылардан толук тазаланып, тийиштүү тартипке келтирилет.
Мэриянын маалыматында, тазалоо иштери сел кырсыктарынын алдын алуу максатында жазгы үч айлыктын алкагында жүргүзүлүүдө.
Иш-чарага Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын техникалары жана зарыл болгон күч-каражаттары тартылган. Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев аталган аймакка барып, иштин жүрүшү менен таанышкан. Ал жооптуу кызматкерлерге ишти ыкчам жана сапаттуу жүргүзүү тапшырмасын берген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом