Алтын сатабыз деп чакырып, тоноого аракет кылышкан. Чүйдө үч жаран кармалды

Чүй облусунда алтын сатабыз деп чакырып, карактоону пландаган деп шектелип үч жаран кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкы башкармалыгы маалымдады.
Маалыматка ылайык, жаран милицияга арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 18-февралда болжол менен саат 23:00 чамасында Кемин районунун айланма жолунда аны таанышы жана башка эки жаран алтын зер буюмдарын сатуу шылтоосу менен жолугушууга чакырып, андан кийин тапанчага окшош буюм менен коркутуп, акча каражатын тартып алууга аракет кылышканын билдирген.
Текшерүүнүн жүрүшүндө, шектүүлөр кылмыштуу ниеттерин ишке ашыра албай калышканы белгилүү болгон. Анткени алар милиция кызматкерлери тарабынан кармалып калышкан.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Каракчылыкка даярдык көрүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүүлөр: 25 жаштагы Д.А., 28 жаштагы Ж.А. жана 29 жаштагы Д.К. эки айга камакка алынышты. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылууда.