ӨКМ эскертет: Өлкө аймагында табигый кырсыктардын активдешүүсү күтүлүүдөБишкек менен Ошто «Франкофония жазы – 2026» фестивалы өткөрүлөтКыргызстандын эл артисти, белгилүү актёр Абдыкалык Акматов дүйнөдөн кайттыАйыл чарба министри оорулуу малды бөлүп кармоону жана ветеринардык көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырдыКыргызстанда токойлорду калыбына келтирүүгө 81 миллион сомдон ашык каражат бөлүндү1-апрелден тарта автоунааларды каттоо толугу менен онлайн форматка өтөт
31-мартта мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу акциясы аяктайт
25.03.2026 | 11:07

31-мартта мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу боюнча акция аяктайт. Бул тууралуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор маалымдады.
1-апрелден тарта аталган документтерди алмаштыруу үчүн 1 миң 389 сом төлөм жүргүзүү керек болот. Бирок, мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү 2026-жылдын 31-декабрына чейин 083 формасындагы медициналык маалымкатсыз алмаштыруу мүмкүнчүлүгү сакталат.
Борбордун маалыматында, жүргүзүлгөн акциянын алкагында өлкө боюнча 335 миңден ашык жаран айдоочулук күбөлүгүн жаңылаган. Бул чара жарандардын документтерин этап-этабы менен жаңылоосуна жана ажиотажды болтурбоого багытталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом