Бир сутка ичинде жалпысынан 38 бейтап ооруканадан айыгып чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.
Маалыматка ылайык, айыккандардын бешөө Бишкекте, 25и Ош облусунда, бирөө Ош шаарында, Нарын облусунда экөө, Баткен облусунда үчөө.
Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 254 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.