Кыргызстандын Абадан коргонуу күчтөрүнүн офицерлери Россияда окуудан өтүштү: аскердик-практикалык жыйындардын жыйынтыгы
16-марттан 20-мартка чейин Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн Аскердик абадан коргонуу академиясынын базасында абадан коргонуу маселелери боюнча окуу-методикалык жыйындар жана эл аралык аскердик-практикалык конференция өттү. Иш-чараларга Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан коргонуу күчтөрүнүн офицерлери катышканын республиканын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз аскер делегациясын КР Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан коргонуу күчтөрүнүн командачысынын абадан коргонуу боюнча орун басары полковник Акималы Калчороев жетектеди. Аны менен бирге жыйындарга Абадан коргонуу күчтөрүнүн командачылыгынын офицерлери катышты.
Сабактар академиянын профессордук-окутуучулук курамы тарабынан өткөрүлдү. Программанын алкагында катышуучулар абадан кол салуу каражаттары менен күрөшүүнүн заманбап ыкмаларын изилдеп, абадагы ар кандай коркунучтарга, анын ичинде учкучсуз учуучу аппараттарга (УУА), канаттуу ракеталарга жана учкучтуу авиацияга каршы аракеттенүү тактикасын талдашты. Ошондой эле реалдуу согуштук сценарийлерди моделдөөгө мүмкүндүк берген жаңы муундагы окуу-машыгуу каражаттары менен таанышышты. Мындан тышкары, чечим кабыл алуу ылдамдыгын жана бутаны көздөө тактыгын жогорулатуучу оперативдик жана стратегиялык деңгээлдеги автоматташтыруу комплекстеринин мүмкүнчүлүктөрүнө баа беришти.