Ишкананын каражатын жеке эсебине которуп турган. «Кыргыз почтасынын» башкы эсепчиси кармалды

26.03.2026 | 18:42

«Кыргыз почтасы» ишканасынын Сокулук филиалынын мурдагы башкы эсепчиси бюджеттик каражатты өзүнө ыйгарып алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Атайын кызматтын маалыматында, мурдагы башкы эсепчи И.В.Б. 2025-жылдын август айынан 2026-жылдын январь айына чейин кызматтык абалынан пайдаланып, акча каражаттарын өзүнүн жеке банктык эсебине которуп келгени такталды.

Келтирилген зыяндын жалпы суммасы 15 млн сомду түзөт. И.В.Б. бул каражаттардын бир бөлүгүн жеке максаттарына, анын ичинде Ысык-Көл облусунун курорттук аймагынан кыймылсыз мүлк сатып алууга жумшаган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголду. Учурда иштин жагдайларын аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүүдө жана келтирилген зыянды өндүрүү чаралары көрүлүүдө.

Scroll to Top