Сокулукта 9 жаштагы Нурислам дайынсыз жоголууда

27.03.2026 | 09:36

Чүйдүн Сокулук районунун Шопоков шаарынын 9 жаштагы тургуну Шайдуллаев Нурислам изделүүдө.

Облустук милициянын маалыматында, ал 26-март күнү саат 16.00 чамасында Шопоков шаарынын Достук көчөсү №43 үйүнүн дарегинде жайгашкан үйдөн велосипед менен ойноп чыгып кеткен бойдон ушул убакка чейин дайынсыз болууда. Учурда аны издөө иштери жүрүүдө.

Нурисламдын белгилери: бою 120 см, арык дене түзүлүштө, чачы күрөң, көздөрү кара. Өзгөчө белгилери жок. Кийген кийимдери: ак футболка, көк шым.

Милиция жарандардан эгерде Нурисламдын жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө төмөнкү байланыш телефондору аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт: 0312-607-567

Scroll to Top