Жайыл районунда тогуз жетим балага жер тилкелери берилдиЫсык-Ата районунда 2400 гектар жерди сугаруу үчүн суу сактагычтын курулушу аяктоодоКурулуш министрлигинде 1,5 млрд сомдук каржылык бузуулар аныкталдыСокулукта жоголуп жаткан 9 жаштагы Нурислам табылдыКыргызстандын парламентинин төрагасы Москвада эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо маселелерин көтөрдүКыргызстан жерлерди калыбына келтирүү боюнча эл аралык программага кошулду
Токтогул районунда жаңы мал союучу жай пайдаланууга берилди
27.03.2026 | 10:22

Токтогул районунда заманбап мал союучу жай ачылды. Долбоорду ишке ашырууга райондук өнүктүрүү фондунан 4,5 миллион сом жумшалган. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Ишкана күнүнө 10 баш мал союуга ылайыкташтырылган жана төрт туруктуу жумуш орду түзүлдү. Объекттин 15 сотых аянтында 100 баш бодо малды бордоп семиртүү үчүн жай каралган.
Мал союучу жай министрликтин аймактарды өнүктүрүү, кайра иштетүү тармагын колдоо жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу саясатынын алкагында курулган. Анын ишке кириши аймактагы эт өндүрүү тармагын өнүктүрүүгө жана калкты эт азыктары менен камсыздоого багытталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом