Садыр Жапаров менен Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүп, кызматташтык маселелерин талкуулаштыЫсык-Көлдөн 6 миң метрден ашуун синтетикалык тор чыгарылдыОрусиянын элчиси Сергей Вакунов: «Этникалык негиздеги жаңжалдар — бул иш жүзүндө мамлекеттин өлүмү»Адылбек Касымалиев ЕАЭБ жыйынында миграция жана логистика маселелерин көтөрдү«Манас» эл аралык аэропортуна жаңы унаа жол курулатЖайыл районунда тогуз жетим балага жер тилкелери берилди
Сокулукта жоголуп жаткан 9 жаштагы Нурислам табылды
27.03.2026 | 12:16

Бүгүн, 27-мартта, Сокулуктун Шопоков шаарында дайынсыз жоголуп жаткан 9 жаштагы Нурислам табылды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.
Сокулук райондук милициясынын кызматкерлери баланы таап, ата-энесине өткөрүп беришти.
Нурислам 26-март күнү саат 16:00 чамасында Достук көчөсүндө жайгашкан үйүнөн велосипед менен чыгып кеткен бойдон жүргөн жери белгисиз болуп жаткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар