Ош көчөсүн капиталдык оңдоп-түздөө иштери башталды

30.03.2026 | 09:35

Ош облусунун Манас-Ата аймактык башкармалыгына караштуу Ош көчөсүн капиталдык оңдоп-түзөө иштери башталды. Бул тууралуу Ош мэриясы маалымдады.

Долбоорго ылайык, Ош көчөсү Ж. Раимбеков көчөсүнөн Т. Касымбеков көчөсүнө чейин төрт тилкелүү болуп кеңейтилет. Көчөнүн жалпы узундугу 3 чакырымды түзүп, кеңдиги 24 метрге чейин жеткирилет. Эки тарабында жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар жана жашыл аймактар каралган.

Калаа башчысы Жанарбек Акаев курулушка старт берип жатып, аталган жол шаар үчүн эң маанилүү жана артыкчылыктуу жолдордун бири экенин белгилеген. Анын айтымында, аталган жол Ош эл аралык аэропортуна алып баруучу кошумча жолдордун бири болот.

Scroll to Top