Миң чакырымдан ашык: Быйыл Кыргызстанда кайсы жолдор оңдолот?«Алтын-Булак» санаторийи жер тилкеси менен мамлекетке кайтарылдыМАР Кыргызстанда балдар бакчаларына жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө 6,36 млн доллар бөлөтӨлкөдө кенелердин активдүүлүгү башталды. Жыл башынан бери кене чаккан 17 учур катталдыБишкектин тургундары Скрябин көчөсүндөгү жөө өтмөктүн ыңгайсыздыгына даттануудаКРда батирлерге чет өлкөлүктөрдү каттоонун санына чектөө киргизүү көздөлүүдө
КРда батирлерге чет өлкөлүктөрдү каттоонун санына чектөө киргизүү көздөлүүдө
30.03.2026 | 12:33
Кыргызстанда чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо эрежелерин өзгөртүү пландалууда, Министрлер кабинетинин долбоору ЧУАлардын (ченемдик укуктук актылардын) коомдук талкуу порталында жарыяланды.
Алсак, турак жайларда чет өлкөлүктөрдү жайгаштыруу боюнча чектөөлөрдү белгилөө сунушталууда — жакын туугандарын кошпогондо, бир адамга 12 чарчы метрден кем эмес жана жалпы саны 10 адамдан ашпашы керек.
Министрлер кабинети дагы эмнелерди сунуштайт:
- санарип форматта — мамлекеттик системалар, онлайн-сервистер жана мобилдик тиркемелер аркылуу каттоону;
- чет өлкөлүктөрдү милдеттүү түрдө медициналык камсыздандырууну;
- каттоо, кайра каттоо, мөөнөтүн узартуу жана жокко чыгаруу тартибин, ошондой эле керектүү документтердин тизмесин тактоону;
- визасыз режими бар өлкөлөрдүн жарандары үчүн өлкөдө жүрүү мөөнөттөрүн кыскартууну;
- чет өлкөлүктөрдүн уруксат берилген жүрүү мөөнөтүнөн ашып кеткен учурларын жөнгө салууну.
- Айрым учурларда, укук бузуу жөнүндө протокол болгон шартта, 30 күнгө чейинки мөөнөткө кошумча каттоодон өтүүгө мүмкүн болот.
Документ чет өлкөлүктөрдүн өлкөдө жүрүүсүн тартипке келтирүү жана каттоо процесстерин автоматташтыруу максатында иштелип чыккандыгы белгиленет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом