КРда КЖЭБ өндүрүүчүлөрүнөн электр энергиясын сатып алууга кепилдик берилген — Энергетика министрлиги

31.03.2026 | 12:46

Кыргызстанда кайра жаралуучу энергия булактары (КЖЭБ) аркылуу өндүрүлгөн энергияны кепилденген түрдө сатып алуу тажрыйбасы иштейт. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта Жогорку Кеңештин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов билдирди.

Эл өкүлдөрүнүн бири: “Эгерде инвесторлор республика аймагында КЖЭБ электр энергиясын өндүрүүчү жабдууларды орнотсо, мекеме электр энергиясын сатып алабы жана ал кандай тарифтер менен жүргүзүлөт?” – деген суроо узатты.

Керимовдун айтымында, бүгүнкү күндө Энергетика министрлиги чакан ГЭСтерден жана күн электр станцияларынан электр энергиясын

“Кайра жаралуучу энергия булактары жөнүндө” мыйзамда көрсөтүлгөн баада, ошондой эле түзүлгөн келишимдердин алкагында сатып алууда.
Ал белгилегендей, бардык КЖЭБ энергиясын өндүрүүчүлөрүндө тарифтер ар бир тармактын чыгымдарына жараша ар түрдүү болот, бирок ченемдик укуктук актыларда (ЧУА) көрсөтүлгөн эң жогорку чектен — 4 сом 42 тыйындан ашпайт.

«4,42 сомдук чектөө бар жана тариф бул чектен ашпашы керек, ушунун алкагында биз алардан электр энергиясын сатып алабыз. Мисалы, өткөн айда «КЖЭБ жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, ага ылайык аукциондук ыкма киргизилүүдө. Сынак жарыяланып, ким кандай шарттарды жана тарифти сунуштаганына жараша жеңүүчү аныкталат», – деп кошумчалады Керимов.

Scroll to Top