Reporter.kg MBANK кеңсесинин ишин баалады: Операторлор кантип иштейт жана алдамчылардан кантип коргошот?Балдарга арналган суусундуктарга акциздик марка басуу милдеттендирилдиАк-Суу районунда жаңы машина-трактордук станция ишке кирдиЖакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу Коопсуздук кеңеши өлкөдөгү коопсуздук маселеси боюнча жыйын өткөрдүКыргызстанда жарандарды социалдык камсыздандыруу үчүн каттоо системасы жөнөкөйлөтүлөтКамчыбек Ташиев ИИМде беш саат сурак берип чыкты
Штаб: коронавируска чалдыккандардын 48% айыкты
23.04.2020 | 14:21
Кыргызстанда COVID-19 вирусуна чалдыккан бейтаптардын 48 пайызы ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын бүгүн, 23-жыйынында айтылды.
Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов белгилегендей, 23-апрелге карата коронавирус 631 адамдан табылды. Стационарда 321 бейтап жатат, алардын бешөө жандандыруу бөлүмүндө. Сегиз киши каза болду. Оорудан айыккандардын жалпы саны 302 адамга жетти.
Жыйында биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов, аймактарда обсервациялык жайлар жарандарды кабыл алууга даяр турууга тийиш экендигин белгилеп кетти.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом