Оштун Жибек-Жолу аймагындагы эски мектептер жаңыланып, маданият үйү жана спорт зал курулат

01.04.2026 | 15:05

Ош шаарынын Жибек-Жолу аймагындагы эски мектептер жаңыланып, маданият үйү жана спорт зал курулат. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.

Бүгүн, 1-апрелде, Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев аталган аймактагы жолдордун абалы жана курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Ошондой эле эски мектептердин абалы, коопсуздугу жана окуу шарттарын текшерди. Мэрдин айтымында, аймакта эскилиги жеткен мектептерди реконструкциялоо жана заманбап шарттар менен камсыз кылуу иштери жүргүзүлөт.

Мындан тышкары мэр спорт зал жана маданият үйү курула турган жерлерди карап, тиешелүү кызматтарга долбоорлорду иштеп чыгууну тездетүүнү тапшырды.

Мэрия маселелер тургундардын муктаждыктарын эске алуу менен этап-этабы менен чечилерин билдирди.

Scroll to Top