Жээнбек Кулубаев менен Монголиянын элчиси өнөр жай долбоорлорун талкуулаштыБишкекте өспүрүмдүн кызыл өңгөчүнө сөөк тыгылып калып, операция аркылуу алынды«Кыргызнефтегаздагы» коррупция ишине шектелген Байгазы Матисаков абактан бошотулдуБишкекте 6 жашар бала иттерге таланган окуя боюнча кылмыш иши козголдуБишкекте 6 жашар бала иттерге таланып, ооруканага түштүАйыл чарба министрликке кабыл алууга кире албай жатышат — депутат
Бишкекте 6 жашар бала иттерге таланып, ооруканага түштү
02.04.2026 | 12:31

Бишкек шаарынын Калыс-Ордо-2 конушунда 6 жашар бала иттерге таланып, ооруканага түштү. Бул тууралуу Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматы билдирди.
Кечээ, 1-апрелде, саат 17:37 чамасында милиция бөлүмүнө иттер жаш балага кол салганы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери 2019-жылы туулган У.А. иттерге таланганын такташкан.
Ошондой эле жабыркаган жаш бала милиция кызматкерлери тарабынан ооруканага жеткирилген. Учурда бала ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө, анын абалы туруктуу деп бааланууда.
Милиция иликтөөнүн алкагында иттердин ээси аныкталганын, ал эми жаныбарлар атылып, жок кылынганын маалымдады. Бул окуя катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар