Бишкекте 6 жашар бала иттерге таланган окуя боюнча кылмыш иши козголду

Бишкекте 6 жашар бала иттерге таланган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирүү» беренеси менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББи билдирди.
“Козголгон кылмыш ишинин алкагында бардык зарыл болгон тергөө жана процессуалдык иш-чаралар жүргүзүлөт, алардын жыйынтыгы боюнча юридикалык баа берилет”,- деп маалымдады милиция.
Кечээ, 1-апрелде, Калыс-Ордо-2 конушунда 6 жашар бала иттерге таланып, ооруканага түшкөн. Бала оор жаракаттарды алып, тез арада №3 балдар ооруканасына жеткирилген.
Жабыркаган баланын атасынын айтымында, окуя болгон учурда ал жубайы менен жумушта болгон, ал эми бала эжелеринин карамагында үйдө калган. Кол салуудан баланын колдору жана буттары катуу тиштелип, башынан оор жаракат алган. Мындан улам ага үч саатка созулган операция жасалган. Дарыгерлердин маалыматы боюнча, учурда баланын абалы туруктуу деп бааланууда.