ЭВФ Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдан улам дүйнөлүк экономика үчүн тобокелдиктер тууралуу эскертти

03.04.2026 | 11:30

Жакынкы Чыгыштагы жаңжал глобалдык экономикага, анын ичинде энергия ресурстарынын рынокторуна, соодага жана финансылык шарттарга олуттуу басым көрсөтүүдө. Бул тууралуу Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) аналитикалык материалдарында айтылат.

Фонддун баалоосу боюнча, күйүүчү майга жана чийки затка болгон баалардын негизги өсүшү Азиядагы жана Европадагы энергия ресурстарын ири импорттоочу өлкөлөргө туура келет. Кадимки шарттарда Ормуз кысыгы аркылуу дүйнөлүк мунай жеткирүүлөрүнүн болжол менен 25–30%ы жана суюлтулган жаратылыш газын жеткирүүнүн 20%га жакыны өтөт, бул багытты энергияга болгон суроо-талапты камсыз кылууда негизги маршрутка айлантат.

ЭВФ белгилегендей, мунай импортуна көз каранды болгон Африка жана Азиянын бир катар өлкөлөрү үчүн, атүгүл баалар өсүп жаткан шартта да жеткирүүлөргө жетүү мүмкүнчүлүгү барган сайын чектелүү болууда.

Фонддун эксперттери кырдаалдын өнүгүшүнүн үч сценарийин карап жатышат. Жаңжал кыска мөөнөткө созулган учурда, мунайдын баасынын кескин, бирок убактылуу көтөрүлүшү жана андан кийин рыноктордун кайра калыбына келиши мүмкүн. Жаңжал узакка созулса, энергия ресурстарынын туруктуу кымбатташы жана импорттоочу өлкөлөрдүн экономикалык абалынын начарлашы ыктымал. Ал эми геосаясий чыңалуу сакталып кала берсе, талдоочулардын баамында, бул баалардын жогорку деңгээлде калышына шарт түзүп, инфляцияны төмөндөтүү процессин татаалдаштырат.

Фонддон баса белгилешкендей, мындан аркы динамика жеткирүү чынжырларынын бузулушунун масштабына жана жаңжалдын жайылуу деңгээлине жараша болот.

Scroll to Top