Казакстан менен чек арада бир миллион сомдон ашык суммадагы дары-дармектерди мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлду
Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматынын (МСК) кызматкерлери медициналык препараттардын ири партиясын мыйзамсыз алып кирүү аракетин токтотушту. Мыйзам бузуу фактысы мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги рейддик контролдун жүрүшүндө аныкталган.
Окуя «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрүү пунктуна жакын жайгашкан товарларды эсепке алуу пунктунда болгон. Салык инспекторлору текшерүү үчүн «Мерседес-Бенц Спринтер» маркасындагы жүк ташуучу кичи автобусту токтотушкан. Унаанын ичинен ар кандай аталыштагы дары-дармектер салынган 25 куту табылган. Текшерүү учурунда ташуучунун аталган жүккө карата эч кандай тийиштүү коштомо документтери жок экени белгилүү болду.
Мекеменин алдын ала эсептөөлөрү боюнча, мыйзамсыз алынып келе жаткан медикаменттердин жалпы баасы 1,1 миллион сомдон ашат.
Бул мыйзам бузуу фактысы боюнча МСКнын кызматкерлери тийиштүү актыларды түзүштү. Эсепке алынбаган товарлардын бардык партиясы алынып, ал эми транспорт каражаты айып токтотуучу жайына киргизилди. Учурда топтолгон материалдар иликтөө жүргүзүү жана мыйзам бузуучулардын аракеттерине юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.