Бишкекте Кайгуул кызматынын кызматкерлерине каршылык көрсөтүп кармалган айдоочу ким болуп чыкты?

06.04.2026 | 09:36

Кайгуул кызматынын (МККББ) кызматкерлери 5-апрелде борбор калаада 36 жаштагы М. Р. башкарып бара жаткан Li үлгүсүндөгү унааны токтотушкан.

Текшерүү учурунда ал өзүн агрессивдүү алып жүрүп, оозго алгыс сөздөр менен сөгүнүп, кызматкерлердин талаптарына баш ийген эмес. Аны кармап, наркологиялык борборго жеткиришкен, ал жактан анын баңгизат колдонгону аныкталган.

Кармалган жаран Азия чемпионаттарынын көп жолку байге ээси жана Олимпиада оюндарынын катышуучусу болуп чыкты.

Анын үйүн тинтүүгө алган учурда гашиш табылган. Соттун чечими менен ал үч суткага атайын кабыл алуу жайына (спецприемникке) камалды.

Кылмыш иши козголду.

Белгилей кетсек, М. Р. деген баш тамгаларга (инициалдарга) Мурат Рамонов туура келет. Аны мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго брондолгон Mercedes-Benz унаасын өткөрүп берген Көлбаевдин УКТсынын (уюшкан кылмыштуу тобунун) мүчөсү катары 2023-жылы УКМК кармаган болчу.

Scroll to Top