Баткенде аскер кызматкери оор жаракат алды: депутат шашылыш жардам көрсөтүүнү суранды

06.04.2026 | 17:19

Баткен облусунда жол кырсыгынан улам аскер кызматкери оор жаракат алды. Бул тууралуу 6-апрелде Жогорку Кеңештин эмгек, саламаттык сактоо, аялдар жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында депутат Гульшаркан Култаева билдирди.

Анын айтымында, жабырлануучунун абалы оор бойдон калууда. Депутат Саламаттык сактоо министрлигине кайрылып, анын өмүрүн сактап калуу үчүн шашылыш чараларды көрүүнү жана жогорку квалификациялуу адистерди тартууну өтүндү.

«Бардык мүмкүн болгон жардам көрсөтүлүшү керек. Зарыл болсо санитардык авиацияны жана дарыгерлерди жөнөтүү зарыл», — деди ал. Ошондой эле жабырлануучунун жакындары жардам күтүп жатканын кошумчалады.

Маалыматка ылайык, окуя Лейлек районунда Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкеринин катышуусунда болгон.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы билдиргендей, 4-апрелде саат 08:30 чамасында «Ак-Суу» чек ара заставасынын аскер кызматкерлери «Кайрагач» заставасына бара жатышкан. Ак-Суу — Раззаков унаа жолунда «УАЗ-Пикап» кызматтык унаасы жүрүп бара жаткан учурда 2004-жылы туулган катардагы жоокер Н.Д.Н. унаанын кузовунан кулап кеткен.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсык тоолуу жолдогу катуу силкинүүдөн улам болгон. Жоокер кулап түшкөндөн кийин эс-учун жоготкон.

Жабырлануучуга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, Лейлек райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Ошол эле күнү Ош шаарынан келген адистештирилген дарыгерлер тобу шашылыш операция жасашкан.

Учурда аскер кызматкеринин абалы туруктуу оор деп бааланууда. Ага бардык керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатат. Чек ара кызматында белгилешкендей, зарыл болгон учурда аны Бишкек шаарына жеткирүү мүмкүн, бирок бул анын абалы турукташкандан кийин гана ишке ашат.

Scroll to Top