Айга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөтАйтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылды
Жаратылыш ресурстары министрлиги «Жашыл мурас» программасынын алкагында Токмокто эки миң көчөт отургузду
07.04.2026 | 11:33
Жаратылыш ресурстары министрлигинин жетекчилиги жана жамааты аймакты жашылдандыруу боюнча акция өткөрдү. Иш-чара 5-апрелде Токмок шаарында КР Президентинин иш башкармалыгына караштуу Кыргыз мамлекеттик аңчылык чарбасынын базасында өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө ар кандай породадагы 2000 көчөт отургузулду.
Бул демилге «Жашыл мурас» улуттук программасынын алкагында ишке ашырылды. Акциянын негизги максаты — аймактагы экологиялык кырдаалды жакшыртуу жана токой көчөттөрүнүн аянтын кеңейтүү. Мекеме айлана-чөйрөнү коргоо боюнча чаралардын артыкчылыгын белгилеп, жарандарды өлкөнүн табигый дараметин сактоого активдүү катышууга чакырат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом