Баңгизат иши: Түркияда 14 атактуу адам кармалды – тизме
Стамбулдун Анадолу бөлүгүнүн прокуратурасына шилтеме берүү менен түрк ЖМКлары билдиргендей, Түркияда баңгизатка байланыштуу жаңы иш боюнча 14 адамды, алардын ичинде Бурак Дениз, Мерт Демир, Эмир Жан Игрек, Хафсанур Санжактутан жана Норм Эндер сыяктуу атактууларды кармоо чечими кабыл алынды.
Тергөө органдары камоого ордер берилген шектүүлөрдүн толук тизмесин жарыялады: Хафсанур Санжактутан, Эмир Жан Игрек, Сомер Сивриоглу, Серра Пиринч, Огүн Алибаш, Утку Юнсал, Синем Өзенч Юнсал, Бүшра Пекин, Ахсен Эроглу, Бурак Дениз, Мерт Демир, Эмре (Фел) Өзтүрк, Эндер Эроглу (Норм Эндер), Энес Гүлер.
«Тергөөнүн алкагында 14 шектүүгө карата кармоо чечими чыгарылып, алардын 11и кармалды, экөө издөөдө, бирөө чет өлкөдө», – деп айтылат маалыматта.
Сомер Сивриоглу, Синем Өзгенч Юнсал жана Ахсен Эроглуну камакка алуу мүмкүн болбогону такталды. Тергөө органдарынын билдирүүсүндө мындай деп айтылат:
«Тергөөнүн алкагында, коомчулукка таанымал адамдарды аныктоо максатында, колдонуу үчүн баңгизат же стимулдаштыруучу заттарды сатып алууга, кабыл алууга же сактоого, ошондой эле аларды колдонууга байланыштуу кылмыштарга тиешеси бар деп болжолдонгон 14 шектүүгө карата бир эле учурда тинтүү жана алып коюу иш-чаралары жүргүзүлдү».
Тергөө уланууда, укук коргоо органдары кошумча тергөө амалдарын жүргүзүп жатышат.