Кыргызстан бала бакчаларды өнүктүрүүгө 6,36 млн доллар кредит жана грант алат. ЖК макулдашууну 1-окууда кабыл алды

09.04.2026 | 17:39

Бүгүн, 9-апрелде, Жогорку Кеңештин жыйынында «Келечек үчүн билим берүү» долбоорун кошумча каржылоо боюнча мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда кабыл алынды.

Парламенттин маалыматында, аталган макулдашууга 2025-жылдын 14-октябрында Вашингтон шаарында Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда кол коюлган. Анын алкагында Кыргызстанга жалпы 6,36 млн АКШ доллары бөлүнөт. Бул каражаттын 4,36 млн доллары кредит, ал эми 2 млн доллары гранттык техникалык жардам болуп саналат.

Финансылык шарттарга ылайык, кредит 50 жылдык мөөнөткө берилет. Анын ичинен 10 жылы жеңилдетилген мезгил болуп саналат жана пайыздык чени 0%ды түзөт.

Агартуу министринин орун басары Альберт Махметкулов билдиргендей, долбоор мектепке чейинки билим берүү системасын колдоого, балдарды билим менен камтууну көбөйтүүгө жана бул тармакта мамлекеттик-жеке өнөктөштүк моделин сыноого багытталган.

Талкуу учурунда депутаттар бала бакчалар үчүн калыбына келтириле турган имараттарды тандоо критерийлерине кызыгышты. Министрдин орун басары Надира Жусупбекова тандоо эки негизги талаптын: бала бакчага болгон муктаждыктын жана ылайыктуу имараттын болушунун негизинде жүргүзүлөрүн маалымдады. Ошондой эле бардык аймактарга бирдей шарттар каралары жана долбоордун алкагында 128 бөлмөнү жабдуу пландалганы белгиленди.

Scroll to Top