Путин Пасхага карата элдешүү жарыялады

10.04.2026 | 09:46

Россиянын президенти Владимир Путин коргоо министри Андрей Белоусовго жана Башкы штабдын башчысы Валерий Герасимовго Пасха майрамын белгилөө учурунда ААСтын (атайын аскердик операция) бардык багыттарындагы күжүрмөн аракеттерди токтотуу боюнча көрсөтмө берди.

Кремлден: «Православдардын келе жаткан Пасха майрамына байланыштуу 11-апрель саат 16:00дөн тартып 12-апрелдин аягына чейин элдешүү жарыяланат», — деп билдиришти.

Москва Киев да бул үлгүнү ээрчийт деп эсептейт. Ошол эле учурда аскерлерге душман тараптан боло турган ар кандай чагымчылдыктардын (провокациялардын) алдын алууга даяр болуу тапшырмасы берилди.

Оболу Киев режиминин башчысы Зеленский Россияга ок атууну токтотуу өтүнүчү менен кайрылган. Кремлден ал жоопкерчиликти өзүнө алып, убактылуу элдешүү эмес, тынчтык келишимин түзүшү керек деп билдиришти.

Белгилей кетсек, өткөн жылы да Россия Пасхага карата элдешүү жарыялап, алардын маалыматы боюнча Киев режиминин башчысы аны кабыл алган. Бирок ал аяктагандан кийин Коргоо министрлиги украин тараптан 4 миң 900дөн ашык мыйзам бузуулар болгонун билдирген

Теги: Орусия
Scroll to Top