Садыр Жапаров полимер түтүктөрүн чыгарган «Эл Пласт» заводуна барды
Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров бүгүн Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында полимер түтүктөрүн чыгарган «Эл Пласт» заводуна барды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.
Анын маалыматына ылайык, ишкананын жылдык өндүрүштүк кубаттуулугу 15 миң тоннага чейинки продукцияны түзөт. Негизги керектөөчүлөрү катары — «Таза суу» долбоорунун алкагында ишке ашырылып жаткан объектилер, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык түзүмдөр, эл аралык уюмдар саналат.

Өндүрүштө Россия, Иран жана Кытайдан импорттолгон полиэтилен гранулалары колдонулат. Ишканада суу берүү (суу түтүктөрү) жана канализация тутумдары үчүн продукциялардын кеңири түрүн чыгарууга мүмкүндүк берген заманбап технологиялык жабдуулар орнотулган.
2025-жылдын январынан 2026-жылдын январына чейинки аралыкта ишкана 900 млн сомдон ашуун суммага продукция өндүрүп жана саткан, мында салыктык чегерүүлөр 100 млн сомдун тегерегин түзгөн.

Мамлекет башчысы продукцияны даярдоонун технологиялык процессин көрүп чыкты жана ишкананын учурдагы ишмердүүлүгү, ошондой эле аны өнүктүрүүнүн келечеги тууралуу маалымат алды.
Садыр Жапаров ата мекендик өнөр жайды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, ички рынокту сапаттуу продукция менен камсыз кылууга багытталган өндүрүштүк демилгелерди мындан ары да колдоо зарылдыгын белгиледи.
