16-апрелде Бишкектин четиндеги бир катар конуштарда ичүүчү суу өчүрүлөт

13.04.2026 | 16:33

16-апрелде саат 09:00дөн 24:00гө чейин Бишкектин бир катар конуштарында ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.

Суу берүү «Баш-Кара-Суу» суу топтомосунда жана суу түтүк тармактарында реконструкция иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.

Суу өчүрүлө турган аймактар:

  • Сарбан, Жал, Жогорку Орок, Кашкабаш, Достук, Селекция, Плодовое жана Калтар айылдары;
  • 105-контур, ЖЭБ-2, Сары-Өзөн конуштары, Ак-Ордо конушунун Ахунбаев көчөсүнөн жогору жана Ак-Өргө конушунун Өмүр көчөсүнөн түштүк тарабы.

«Бишкексууканал» ишканасы тургундарды жана уюмдарды ичүүчү сууну камдап алууга чакырат.

Scroll to Top