16 жашка чейинки балдарга паспортту экинчи ата-эненин макулдугусуз алууга уруксат берилиши мүмкүн

14.04.2026 | 12:26

Кыргызстандын Министрлер Кабинети 16 жашка чейинки балдар үчүн чет өлкөлүк паспорт алууну жөнөкөйлөтүүнү сунуштоодо. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинде үчүнчү окууда жактырылды.

Мыйзам долбооруна ылайык, документти экинчи ата-эненин милдеттүү макулдугусуз эле алуу мүмкүн болот — дал ушул талап бүгүнкү күндө көпчүлүк үй-бүлөлөр үчүн негизги көйгөй болуп жатат.

Мыйзам долбоорунун негиздеме-аныктамасында белгиленгендей, азыркы мыйзам боюнча балага паспорт алуу үчүн эки ата-эненин тең макулдугу керек. Практикада бул көп учурда мүмкүн болбой калат: ата-эненин бири чет өлкөдө болушу, байланышта болбошу же таптакыр баланын тарбиясына катышпашы мүмкүн. Мындай учурларда экинчи ата-эне сотко кайрылып, уруксат алууга аргасыз болот.

Соттук процесстер айлап созулуп, кошумча чыгымдарды талап кылат жана үй-бүлөгө психологиялык оорчулук жаратат. Натыйжада бала паспортсуз калып, бир катар чектөөлөргө туш болот: дарыланууга чыга албайт, мелдештерге катыша албайт, чет өлкөгө окууга бара албайт же документтерин өз убагында тапшыра албай калат.

Мыйзам долбоорунун авторлору белгилешкендей, мамлекеттик органдар жана чек ара кызматкерлери азыр мыйзамды так сактоого милдеттүү болгондуктан, ачык көрүнүп турган жагдайларда да жардам бере алышпайт. Мунун кесепетинен эң биринчи кезекте балдар жабыркайт.

Айрыкча бул көйгөй толук эмес жана социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөр үчүн өтө курч турат, анткени экинчи ата-эненин макулдугун алуу көп учурда узак жана кымбат процесске айланып кетет.

Scroll to Top