Кыргызстандын аймагында 1-май саат 10:00гө карата 10 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова брифингде билдирди.
СOVID-19 инфекциясынын жаңы жуктургандар төмөнкү аймактардан катталды: Бишкек ш. – 5, Ош облусу — 3, Баткен облусу – 1, Нарын облусу — 1.
Кыргызстанда коронавирус жуктургандар жалпы саны 756га жетти.