Айбек Эрнис уулунун жоопко тартылышын талап кылган петиция башталды

Айбек Эрнис уулунун жоопко тартылышын талап кылган петиция башталды

Бишкектин Биринчи май райондук судьясы Айбек Эрнис уулунун жумуштан алынып, жоопко тартылышын талап кылган петиция башталды.

Интернетте башталган  петицияга миңден ашык адам катышып, алар 13 жаштагы кызды зордуктаган 22 жаштагы жаранды судья эркиндикке чыгарып жиберген деп айыпташууда.

“Бул судьянын күмөндүү чечим чыгарган биринич жолку окуясы эмес. Биз өлкө президентинен анын жумуштан алынып, жоопко тартылышын талап кылабыз”, – деп айтылат интернетте башталган петициянын астында.

Буга чейин депутат Айсулуу Мамашева парламент жыйынында “Бишкек Парк” соода борборунун дааратканасында 13 жаштагы кыздын зордукталганын, шектүүнү судья Айбек Эрнис уулу бошотуп жибергенин айтып чыкккан.

Жогорку Сот бул иш боюнча түшүндүрмө берип, шектүүнүн күнөөсү жок болгону үчүн акталганын айткан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>