Караколдо күч түзүмдөрдө иштеген кызматкерлердин балдары үчүн бала бакча ачылды

23.05.2025 | 16:27

Бүгүн, 23-майда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында УКМКнын жана башка күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин балдары үчүн “Асыл мурас” балдар бакчасы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Аталган бала бакчанын курулуш иштери 2024-жылдын 1-июнунда башталган. Имараттын жалпы аянты 1500 чарчы метрди түзөт. 3 жаштан 6 жаш курактагы 100 балага ылайыкталган. Бала бакча үч кабаттан туруп, ичинде бардык заманбап шарттар камсыздалган.

Бала бакчанын ачылыш аземине УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов, УКМК ардагерлери жана өздүк курамы, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ошондой эле бала бакчанын тарбиялануучуларынын ата-энелери катышкан.

Салтанаттуу иш-чарада Камчыбек Ташиев жаңы бала бакчанын ачылыш аземи менен куттуктап, келечектин тиреги болгон жаш муунга мамлекет камкордук көрсөтүү менен, тийиштүү шарттарды түзүүгө милдеттүү экендигин белгилеген.

“Мындай аракеттер кызматкерлердин үй-бүлөсүнө кам көрүү менен, алардын ишмердүүлүгүн жакшыртууга өбөлгө болору белгиленди”,- деп айтылат маалыматта.

[image_carousel source=”media: 222913,222914,222915,222917,222918,222920,222921,222922,222923,222924,222925,222926″ limit=”20″ slides_style=”photo” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”no”]

Scroll to Top