Кыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде алтын медаль тагындыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салындыБишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза таптыСадыр Жапаров «Дастан» заводунда дрондорду өндүрүүнү ишке киргизүүнү тапшырдыКазакстанда Борбордук Азиядагы эң ири шамал электр станциясынын курулушу башталдыБишкек мэриясы шаарга 625 кичи автобус сатып алууну көздөөдө
Коронавирус. Бишкектеги Орто-Сай базары жабылат
09.06.2020 | 13:57
Бишкектеги Орто-Сай базары дезинфекция иштерине жабылат. Бул тууралуу вице-мэр Татьяна Кузнецова коронавирус менен күрөшүү боюнча түзүлгөн шаардык кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтуусунда, коронавирус жуктургандар өздөрү кайрылышууда. Алар акыркы жолу Орто-Сай базарына барышканын билдиришкен.
Ал эми Бишкек шаардык мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев дагы базардын жабыла тургандыгын “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.
“Орто-Сай базарын жабабыз. Айткан көрсөтмөлөрдү аткарбай, санитардык нормаларды сактабагандыгы үчүн. Эгер башка базарлар, соода түйүндөр да санитардык нормаларды аткарбай, шаардыктардын ден соолугун коркунучка салса, аесуз жазаланат”, — деген шаар башкармалыгынын аппарат жетекчиси.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом