Ичүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталдыМөөнөтү өтүп кеткен 10 тонна кондитердик азыктар аныкталып, өрттөлдү8-мартта тынчтык акциясын өткөрүүгө уруксат сурап, президентке кайрылуу жасалдыОш шаарында үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө белек берилдиЖакында эле эркиндикке чыккан Даниэль Ажиев кайрадан кармалды
Казакстанда коронавирустан каза болгондордун саны 120га жетти
22.06.2020 | 09:03
Казакстандын Алматы шаарында 21-июнда 63 жана 60 жаштагы киши коронавирустан көз жумду. Медициналык кызматкерлер маркумдардын кайтыш болгонуна COVID-19 илдети себеп болгон деген чечим чыгарган.
Казакстанда жалпысынан 26 миң киши коронавирус жуктуруп алган. Алардын 120сы каза болгон. Нур-Султан (32), Алматы шаары (20), Павлодар облусу (13), Чымкент шаарында (13) адам өлүмү көп катталууда.
Бул арада вирус жуктуруп алгандан кийин каза тапкан дагы ондогон киши коронавирустан өлгөндөрдүн тизмесине киргизилбегени айтылат. Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги алардын өлүмүнө вирус эмес башка оорулары себеп болгон деген тыянак чыгарган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом