Москвадан Бишкекке 431 кыргызстандык келди

Москвадан Бишкекке 431 кыргызстандык келди

21-июнь күнү «Аэрофлот» авиакомпаниясынын чартердик учагы менен Москва-Бишкек каттамы боюнча 431 адам алып келинди. Арасында кош бойлуу, балалуу кыз-келиндер, улгайган жана оорукчан адамдар бар.

Учуп келгендер бекитилген тартипте медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынат.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, чет өлкөлөрдөн келе албай жаткан кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу иштери уланууда.

Узап бараткан апта ичинде эле Москва-Бишкек, Москва-Ош каттамдары менен 1000ге чукул адам Кыргызстанга жеткирилген.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери 60ка жакын чет өлкөдөн келе албай калган 15 миңден ашуун кыргызстандык жаран мекенине жеткирилген. Алардын басымдуу бөлүгү Орусиядан алып келинген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>