Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде дагы 439 адамдын анализинен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу 1-июлда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифингде билдирди.
Илдетти жуктуруп алгандар төмөнкү аймактардан: Бишкек ш. – 195;
Чүй облусу — 175;
Ош ш. — 5;
Ош облусу — 5;
Нарын облусу — 10;
Жалал-Абад облусу — 24;
Талас облусу — 12;
Баткен облусу — 13.
1-июлга карата өлкөдө жалпы 5 миң 735 адам коронавирус жуктуруп алган.
Бир сутка ичинде ооруканадан чыгарылгандардын саны – 73 бейтап. Жалпысынан бүгүнкү күнгө чейин 2 миң 443 бейтап айыкты.