Айга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөтАйтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылды
8-июль: Кыргызстанда дагы 345 адамдан коронавирус аныкталды
08.07.2020 | 10:07
Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде дагы 345 адамдын анализинен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу 8-июлда өткөн брифингде коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.
Оору жугузуп алгандардын эң көбү Бишкек шаарында —183 адам. Ош шаарында 22, Чүй облусунда 51, Ош облусунда 7, Нарын облусунда 14, Ысык-Көл облусунда 24, Жалал-Абад облусунда 23, Баткен облусунда 21 адамга илдет жуккан.
Акыркы сутка ичинде коронавирус илдетинен дарыланып жаткан 67 бейтап айыгып, үйүнө чыккан. Ал эми төрт адам каза болгон.
18-марттан 8-июлга чейин өлкөдө жалпы 8486 адам коронавирус жуктуруп алган. Ал эми 2983 адам илдеттен айыккан. Жалпы бул 112 оорудан каза болгон. Мындан башка пневмониядан каза болгондор өзүнчө эсептелүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом