Мэрия: Жибек-Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн ачылышы аба ырайына байланыштуу жылдырылдыОкумуштуулар тирүү жандыктын мээсин виртуалдык чөйрөдө толугу менен эмуляциялаштыБишкекте мектепке куралдуу кол салууну пландоого шектелип окуучу кармалдыАйрым ашууларда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилдиКР Саламаттык сактоо министрлиги реанимация кызматын өнүктүрүү пландарын белгиледиЖибек-Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түндүк тарабы унаалар үчүн ачылат
13-июль: Кыргызстанда дагы 448 адамга коронавирус жукту
13.07.2020 | 10:17
Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде дагы 488 адамдын анализинен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу 13-июлда өткөн брифингде саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.
Оору жугузуп алгандардын эң көбү Бишкек шаарында — 265 адам. Ош шаарында 45, Чүй облусунда 37, Ош облусунда 26, Жалал-Абад облусунда 51, Баткен облусунда 43, Ысык-Көл облусунда 15, Нарын облусунда 4, Талас облусунда эки адамга илдет жуккан.
Акыркы сутка ичинде коронавирус илдетинен дарыланып жаткан 73 бейтап айыгып, үйүнө чыккан. Ал эми пневмониядан 165 адам айыкты.
18-марттан 13-июлга чейин өлкөдө жалпы 11 миң 117 адам коронавирус жуктуруп алган. Ал эми 3460 адам илдеттен айыккан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом