Айга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөтАйтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылды
Бишкек мэриясы медиктерди жардамга чакырат
13.07.2020 | 15:02
Бишкек шаарынын мэриясы covid-19 пандемиясы учурунда медицина кызматкерлери жетишсиз болуп жаткандыктан ыктыярчы медиктерди жардамга чакырат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлайт.
“Турак-жай, тамак-аш менен камсыз кылабыз. Айлык акы саламаттык сактоо министрлигинин 3-июлундагы №496 буйругуна ылайык, карантиндик-казарма режиминде иштегендердей күнүнө дарыгерлер 2 миң 300 сомдон, медайымдар жана атайын ишке тартылган башка кызматтардын кызматкерлерге 1 миң 800 сомдон төлөнөт”, – деп жазылат маалыматта.
Мэрия тараткан билдирүүдө, учурда башкалаада оң динамика байкалып, мэриянын күндүзгү стационарларына кайрылгандар акырындык менен сакая баштаганы айтылат.
Толук маалымат үчүн 0770 939 993, 0500 848 848 номерлерине чалса болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом