Президент Сооронбай Жээнбеков 21-июль күнү коронавирус менен күрөшүүгө салым кошуп жаткан ыктыярчы топтордун өкүлдөрү менен жолугушат. Маалыматты “Репортер” басылмасына президенттик аппараттын басма сөз кызматы тастыктады.
Маалыматка караганда, жолугушуу «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында болот.
Президенттик аппараттын басма сөз кызматы толук маалымат кийинчерек берилерин айтты.