Футбол боюнча улуттук кураманын капитаны Валерий Кичин уулдуу болду. Бул тууралуу өлкөнүн Футбол федерациясы билдирди.
«Капитанды жана жубайы Алинаны уулдуу болгону менен куттуктайбыз. Уулуңарга бекем ден соолук», — деп айтылат билдирүүдө.
Улуттук курамдын коргоочусу өткөн жылы сентябрь айында жубайы Алина Николайчукка баш кошкон.