Белгилүү адабий сынчы Кадыркул Даутов дүйнөдөн кайтты

Белгилүү адабий сынчы Кадыркул Даутов дүйнөдөн кайтты

Кыргыз эл жазуучусу, белгилүү адабиятчы, сынчы, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору Кадыркул Даутов узака созулган оорудан улам 80 жаш курагында дүйнө салды.

Бул туралуу адабиятчы, сынчы, филология илимдеринин доктору Садык Алахан “Фейсбук” баракчасына жазды.

Кадыркул Даутов 1940-жылы 10-сентябрда Алай районундагы Үч-Төбө айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин жана М.Горький атындагы Бүткүл дүйнөлүк адабият институтунун аспирантурасын бүтүргөн.

1960-жылдардан тарта адабий-сын боюнча бир ката китептерди, макалаларды кыргыз, орус тилдеринде жазып келген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>