Бишкектин Калинин көчөсүндөгү көпүрө оңдоо иштерине байланыштуу жабылатКожомкул атындагы спорт сарайына заманбап бассейн салынатМихаил Шайдоров Казакстанга фигуралык муз тебүү боюнча Олимпиаданын алтын медалын алып келди15-февралга карата аба ырайыЖашы жете электи зордуктоого шектелгендерди жоопкерчиликтен бошоткон. Кеминде Тергөө кызматынын башчысы кармалдыИшкерлерден акча талап кылып жүргөн. Ошто жалган милиция кызматкери кармалды
Токтогулда Жигули жана Фура кагышып, 2 адам каза болду
04.08.2020 | 10:00
Жалал-Абад облусунда жол кырсыгынан 2 адам каза болуп, 1 адам жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 3-августта Бишкек-Ош унаа жолунун Токтогул району аркылуу өткөн бөлүгүндө 262-чакырымында (Чычкан капчыгайы) болгон. Анда Жигули жана Фура үлгүсүндөгү унааларынын сүзүшүп, кырсыктын кесепетинен 2 киши каза таап, 64 жаштагы аял жаракат алган.
Окуя болгон жерге барган куткаруучулар жабыркаган адамдарды чыгарып, “Тез жардам” кызматына өткөрүп беришкен. Ал эми каза болгон адамдардын денелерин автоунаалардан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар