Михаил Шайдоров Казакстанга фигуралык муз тебүү боюнча Олимпиаданын алтын медалын алып келди15-февралга карата аба ырайыЖашы жете электи зордуктоого шектелгендерди жоопкерчиликтен бошоткон. Кеминде Тергөө кызматынын башчысы кармалдыИшкерлерден акча талап кылып жүргөн. Ошто жалган милиция кызматкери кармалдыПарламенттик шайлоо: БШК №13 округ боюнча кайра шайлоону токтотуп, мурдагы жыйынтыкты мыйзамдуу деп таптыКыргызстанда ЮНИСЕФтин колдоосу менен 1,2 млн долларга вакцина сактоочу кампа курулат
Бир суткада 17 медиктен коронавирус табылды
07.08.2020 | 11:29
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 17 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганын Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.
“Ош шаарында 5, Жалал-Абад облусунда 2, Ош облусунда 4, Баткен облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 3 медиктен илдет табылды. Ал эми бир суткада 7 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты”, – деди Акматова.
Мындан сырткары үй карантининен 45 медициналык кызматкер айыгып чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2928 учур катталды, алардын ичинен 2025 медкызматкер сакайган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом