Талант Мамытов менен Даир Кенекеев “Кыргызстан” партиясына кошулду

10.08.2020 | 16:01

Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов менен “Учкун” акционердик коомунун жетекчиси Даир Кенекеев “Кыргызстан” партиясынын мүчөсү болду. Аларга 10-август күнү партиясынын төрагасы Канатбек Исаев партбилет тапшырды.

Талант Мамытов 2010-жылы Жогорку Кеңештин V чакырылышына “Ата-Журт” саясий партиясынан тизме менен, 2015-жылы  Жогорку Кеңештин VI чакырылышына  “Республика Ата Журт” саясий партиясынан депутат болгон.  2007-жылдан 2009-жылга чейин Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун прокурору болуп иштеген.

Даир Кенекеев 2011-жылы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондун жетектеген. 2015-жылдан бери өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген.

2018-жылы Даир Кенекеев “Учкун” акционердик коомунун жетекчиси болуп дайындалган.

Scroll to Top