Бишкек шаарынын казысы болуп Замир Ракиев дайындалды

10.08.2020 | 16:36

Бишкек шаарынын мусулмандар казысы болуп Замир каары Ракиев дайындалды. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматынан кабарлашты.

Тиешелүү буйрукка муфтий Максатбек ажы Токтомушев кол койгон.

Замир каары Ракиев 1978-жылдын 15-февралында Нарын облусунун Кочкор района караштуу Шамшы айылында төрөлгөн.

2007-2008-жылдары Чүй облусунун Аламүдүн району, «Абу Бакр Сыддык» медресесинде мугалим болуп иштеген;

2008-2010-жылдары Чүй облусунун Аламүдүн району, «Абу Бакр Сыддык» медресесинде директор болгон;

2010-2011-жылдары Нарын облусунун казысы;

2011-2016-жылдары Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин орун басары;

2016-2017-жылдары Кыргызстан мусулмандар Дин башкармасынын окуу бөлүмүнүн башчысы;

2017-жылдын май айынан тарта муфтийдин орун басары болуп эмгектенип келген.

Эске сала кетсек, Бишкек шаарынын мурдагы казысы Садридин ажы Маджитов оорудан улум июль айында каза болгон.

Scroll to Top