Ушул жылдын сентябрь айында Жогорку Кеңешти каржылоо үчүн бюджеттен 54 млн 242.6 миң сом же 685.9 мин доллар (УБ 10-сентябрга карата курсуна ылайык) коротулат. Бул маалымат Финансы министрлигинин кассалык планында жазылган.
Бөлүнгөн каражаттын 70% парламенттин аппаратына жумшалат.
Кошумчалай кетсек, Жогорку Кеңештин кабыл алынган токтомуна ылайык, депутаттар 4-сентябрдан 2-октябрга чейин аймактардагы шайлоочулар менен жеринен жолугушуу өткөрүп, бирге иш алып баруулары керек.