Эл аралык издөөдөгү 3 кыргыз Москвадан кармалды

Эл аралык издөөдөгү 3 кыргыз Москвадан кармалды

Алдамчылыкка айыпталып мамлекеттер аралык издөөгө алынган 3 кыргыз жараны Орусиядан кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун 41 жаштагы Б.А. аттуу тургуну Кылмыш-жаза кодексинин (эски редакция) 182-беренесинде («жалган ишкерчилик») көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн 2018-жылдын аягында Финпол тарабынан издөө жарыяланган.

Ошондой эле Чүй облусунун 60 жаштагы А.Г. аттуу тургуну Кылмыш-жаза кодексинин (эски редакция) 166-беренесинин 2-бөлүмүндө («ири өчөмдө жасалган алдамчылык») көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн 2013-жылдан бери Москва РИИБи тарабынан издөөдө жүргөн.

Ошондой эле Чүй облусунун 29 жаштагы И.И. аттуу жашоочусу Кылмыш-жаза кодексинин (эски редакция) 166-беренесинин 2-бөлүмүндө («ири өчөмдө жасалган алдамчылык») көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн 2013-жылдан бери Бишкек шаарынын Свердлов РИИБи тарабынан издөөдө болчу.

Мына ушул 3 адам Орусиянын Москва шаарында кармалган.  Учурда аларды Кыргызстанга жөнөтүү маселеси каралууда. 

[su_image_carousel source=»media: 40564,40565,40563″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>